http://ktrk.kg/Оштогу Токтогул паркын реконструкциялоо жумуштары жыйынтыкталууда

Оштогу Токтогул паркын реконструкциялоо жумуштары жыйынтыкталууда

6 Авг , 9:34 207

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Санариптештирүү алкагында эс алуу багына 40тай видеобайкоо орнотулду. 100 жылдай кароосуз калган эс алуу багы учурда кандай болуп өзгөрүүдө? Эс алуу багын “Элдик парк” макамына жеткирүү аракети дээрлик 90 пайызга жыйынтыкталды. Адистердин айтымында, бак түптөлгөндөн бери бир да ирет оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес. Ичүүчү таза суу менен саркынды суу куурлары алгачкы ирет тартылды. 3800 метр ирригациялык курулма менен 1375 метрге суу түтүктөрү орнотулду. 

Реконструкциялоо долбоорунда эс алуучулардын бардык мууну эске алынган. Кары-картаң, мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн пандустар, спортту сүйүүчүлөргө машыгып чуркоо тилкеси, жаштарга делинип оргума- фантандар, ал эми балдар үчүн мына момундай лабиринттер орун алды. 

Жасалгалоодо сүрөтчү-дизайнерлер Ош шаарынын байыркыдан калган кадыр-баркын да эстен чыгарган эмес. Улуу Жибек жолун чагылдырган мозаикалык кооздук, бактын түштүк-батыш тарабындагы дарбазасына чегерилди. Бир кылка ташты болсо, сүрөтчүлөр Ак-Буура дарыясынан табышкан.

Эс алуу бакты баштан аяк жаңылоо аракетинин алкагында, паркка жарандардын коопсуздугу үчүн алгачкы ирет 40 даана видео көзөмөл орнотулду. 500 даана жарык берүүчү шамдар коюлду. Бактын инфраструктуралык абалын чыңдоодо эски бак-дарактар менен эбак кызматын өтөп бүткөн аттракциондор да алынган. 

Сонку эки жылда реконструкцияланууга шаардык бюджеттен жалпы 40 млн. сом каражат бөлүнгөн. Бирок, бакты оңдоого башында 100 млн. сом каражат керектелээри айтылган. Ушул себептүү, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу ишканасы калаадагы чөнтөгү калың ишкер, демөөрчүлөрдү бакты өзгөртүүгө кайдыгер карабоого, салым кошууга чакырган. Мурдагы жылы ишкана элдик марафон да өткөргөн. Анда, 400 миңден ашуун каражат топтолгон. 






Новости по дате