http://ktrk.kg/Баткен облусунда өрт коопсуздугун сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Баткен облусунда өрт коопсуздугун сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

6 Авг , 9:41 235

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облустук башкармалыгы тарабынан Кызыл-Кыя шаарындагы “Баткен Петрол” ЖЧК мунай кампасында атайын өрт учурунда шаймандарды туура колдонуу боюнча окутуу уюштурулду. Анда кызматкерлерге өрт учурунда шаймандарды туура колдонуу жана башка коопсуздукка каралуучу шаймандарды колдонуу боюнча түшүндүрү иштери жүргүзүлдү.

Ошондой эле, Кызыл-Кыя шаарындагы “Кыл Полот” жана “Делфин” эс алуу борборунда балдарга сууга түшүү эрежелери менен биргеликте өрт коопсуздугун сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Өрткө каршы куткаруу бөлүктөрүнүн кызматкерлери тарабынан облус аймагындагы, мекеме ишканаларда, калктуу конуштардын тургундарына, алдын алуу иш-чараларын уюштуруу менен жеринде өрт коопсуздугун сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Лейлек райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан  калктуу конуштардын тургундарына өрт кырсыктарынын санын азайтуу жана болтурбоо максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.


Новости по дате