http://ktrk.kg/Балбан Калмира Билимбек кызы күмүш байгеге ээ болду

Балбан Калмира Билимбек кызы күмүш байгеге ээ болду

6 Авг , 11:28 141

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстандык балбан Калмира Билимбек кызы Болгарияда өткөн күрөш боюнча өспүрүмдөр арасындагы дүйнө чемпионатынан күмүш байгени утуп кайтты. Өлкө атын алыска тааныткан Калмира өспүрүмдөр арасындагы дүйнө чемпионатынын финалында күрөшкөн экинчи кыргызстандык кыз болуп калды.

Спорттогу аракети, тырышчаактыгы, эмгеги менен ийгиликке жетишкен кыргыздын дагы бир сыймыктуу кызы. Калмира Билимбек кызы жигиттерден кем калышпай, маңдай тер мээнети менен өлкө желегин дүйнөгө желбиретип кайтты. Балбан кызыбыз Болгариянын София шаарында өткөн күрөш боюнча өспүрүмдөр арасындагы дүйнө чемпионатында күмүш байгеге ээ болуп келди.

Балбан кыз 53 килограмм салмакта күч сынашып, жалпысынан беш кармаш өткөргөн. Алгач Билимбек кызы азербайжандык атаандашын 9:5 упай эсебинде кийинки жарым чейрек финалда даниялык Мария Виллумсенди мөөнөтүнөн эрте жеңген. Ал эми чейрек финалда белоруссиялык Алеся Гетманованы 9:1 эсебинде жер караткан. Жарым финалда казакстандык Алтын Шагаеваны мөөнөтүнөн мурда уткан. Каршылашынын далысын жерге тийгизип, финалга чыккан кыргызстандык балбан кыздын аракети жалпыны кубандырды.

Ал эми финалда кытайлык Жоажинг Ши менен кез келип, эсеп 0:4 эсебинде атаандашынын пайдасына чечилген. Натыйжада күмүш медалга ээ болгон. Калмиранын айтымында бул күрөш демине дем кошуп, мындан ары алга карай умтулууга шарт түзөт. Кырктан ашуун өлкө балбандары катышкан бул мелдешке Кыргызстандын атынан быйыл 25 балбан катышты. Алардын ичинен 8и кыздар. Ошондой эле Мирланбек кызы Назик 43 кг-да, Бекболотова Бурулсун 57 кг салмак ченинде 3чү орун үчүн күрөшүшкөн. Калмира Билимбек кызы өспүрүмдөр арасындагы дүйнө чемпионатынын финалында күрөшкөн экинчи кыргызстандык кыз болуп калды. Буга чейин Айпери Медет кызы финалга чыгып, ал дагы экинчи орунду багынткан.

Калмира буга чейин да көптөгөн эл аралык жана республикалык мелдештерде көптөгөн ийгиликтерди багындырган. Мындай жетишкендиктерди багындырууда атасы Билимбек Капаровдун орду чоң. Ал кызынын өздүк машыктыруучу. Учурда Ак-Талаа районундагы Тайлак Баатыр атындагы спорт мектебин жетектеп, өлкө намысын коргоочу көптөгөн мыкты спортчуларды өстүрүүгө салым кошуп келүүдө.

Мындай жеңиштердин көп болушу өсүп келаткан муунга мыкты стимул болуп, келечекте өлкө атын алыска таанытчу спортчулардын өсүп чыгышына түрткү болуп берет.


Новости по дате