http://ktrk.kg/УКМК: Кой-Ташта Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүрүүдө

УКМК: Кой-Ташта Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүрүүдө

7 Авг , 12:31 1069

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүрүп жатканын ырастады. 

“УКМКнын атайын дайындалган күчтөрү тарабынан Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүрүп жатат. Операция маалында атайын багыттагы аскерлер тарабынан ок атуучу курал колдонулган жок. Жоокерлер желим октор менен гана жабдылган. Учурда операция уланып жатат”, - деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө кармоо аракети жүрүп жатканын бир нече маалымат агенттиктери жазып, ошол жерде жүргөн адамдар түз эфир аркылуу социалдык баракчаларынан көрсөтүшүүдө.  Айрым маалыматтар боюнча күч кызматкерлери желим окторду колдонгону айтылууда.

Белгилей кетсек, ИИМдин Тергөө кызматы Атамбаевди 8-июлдан бери үч жолу күбө катары сурак берүүгө чакырып, бирок ал баруудан баш тартып келген. Тергөө кызматы кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулганына байланыштуу кылмыш ишин быйыл жыл башында кайра иликтей баштады. 

Жогорку Кеңеш 27-июнда Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу тууралуу токтом кабыл алган. Аны утурлай башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов парламентте маалымат берип жатып, мурдагы Президент Алмазбек Атамбаев 2013-жылы Батукаевди мөөнөтүнөн мурда абактан бошотууга жеке өзү тапшырма бергенин айткан.

Новости по дате