http://ktrk.kg/УКМК: карапайым адамдарга ок атылууда деген маалымат чындыкка дал келбейт

УКМК: карапайым адамдарга ок атылууда деген маалымат чындыкка дал келбейт

8 Авг , 1:35 484

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

УКМК билдирет. Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында атайын кызмат карапайым адамдарды атып жатат деп таратылган маалымат чындыкка дал келбейт. 

УКМК мындай жалган маалымат тараткандар укуктук жоопко тартылаарын эскертет. Эске салсак, УКМКнын атайын багыттагы жоокерлери желим окторду гана колдонгон.

"Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операцияны УКМКнын атайын багыттагы күчтөрү тарабынан жүрүп жатат. Операция маалында атайын багыттагы аскерлер тарабынан ок атуучу курал колдонулган жок. Жоокерлер желим октор менен гана жабдылган. Учурда операция уланып жатат”, - деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Новости по дате