http://ktrk.kg/Бишкекте абал туруктуу

Бишкекте абал туруктуу

8 Авг , 1:47 428

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

POST1RIGHT

Борбор калаада түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов чукул чогулуш өткөрдү. 

"Бишкектин райондорунун жетекчилери жумуш ордунда. Алар укук коргоо органдары менен биргеликте аймактагы тартипти көзөмөлдөп жатышат", - деп айтылат мэриянын маалыматында. 

Ошондой эле, Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын тургундарын жана конокторун ар кандай чагымчыл чакырыктарга алдырбоого чакырат жана мындай көрүнүшкө туш болсо Бишкек шаардык Ички иштер бөлүмүнүн WhatsApp-каналына кабар берүүнү өтүнөт. 

WhatsApp-каналдын номуру: 0708 10 20 00.

Новости по дате