http://ktrk.kg/Кой-Таштагы жаңжалдан жабыркагандардын саны 48ке жетти

Кой-Таштагы жаңжалдан жабыркагандардын саны 48ке жетти

8 Авг , 9:05 258

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясынан жабыркап Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун ооруканасына 48 адам кайрылды. Атайын кызматтагы бир аскер каза болду. Тогуз киши биринчи жардам алган соң, амбулатордук дарыланууга чыгарылды. Калган 38 киши стационардык дарылануусун ооруканада улантууда.

Даргерлерге кайрылгандардын 25инин баш мээси чайкалкан. 4 киши ок жеген, дагы 6 адам денесинин ар кайсы жерине түрдүү жаракат алган. Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат катчысы Жылдыз Айгерчинова билдиргендей, Чүй облустук ооруканасында башында 11 адам кайрылган, анын сегизи аскер адамдары, алардын төртөө дарылануусун аскер госпиталынан улантууда. Жалпысынан айтканда, ушул сааттарда Улуттук госпиталда болсо сегиз адам дарыланууда.  Башында Улуттук госпиталга тогуз киши түшкөн, бирөөсү амбулатордук дарылануу алган соң, ооруканадан чыгарылды. 

Ошондой эле 26 бейтап Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна алып келинген. Дагы эки жабырлануучу Улуттук хирургия борборунда жатат. Маалыматта дарыгерлердин бардыгы күчөтүлгөн режимде иштеп жатканы, ооруканалар керектүү дары-дармек менен камсыздалган.


Новости по дате