http://ktrk.kg/Милиция кызматкерлери Атамбаевдин үйүнөн толугу менен чыгып кетти

Милиция кызматкерлери Атамбаевдин үйүнөн толугу менен чыгып кетти

8 Авг , 10:19 547

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

 

Милиция кызматкерлери мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйү жайгашкан Кой-Таш айылынан толугу менен чыгып кетти. Бул туурасында Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов маалымдады. 

Ал ошол аймакты курчап турган күч органдары элдин тынчтыгы үчүн ал жерден алынып жатканын, ал эми Атамбаевдин тарапташтарынын колунда кармалып турган атайын кызматтын алты жоокери эртең мененки саат тогузга чейин бошотуларын айтты.

Асанов бул тууралуу Алмазбек Атамбаевдин өкүлдөрү катары сүйлөшүүгө катышкан саясатчылар жана активисттер менен макулдашылганын билдирди. Чүйдүн Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция 7-августта кечки саат 19:45 чамасында башталган.

Кармоо аракети учурунда күч кызматкерлери менен мурдагы президенттин тарапташтары кагылышып,жыйынтыгында 48тей адам жаракат алды.

Новости по дате