http://ktrk.kg/Өзгөчө балдарга - өзгөчө көңүл

Өзгөчө балдарга - өзгөчө көңүл

26 Апр 2016 , 5:18 2762

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

 Социалдык өнүгүү министрлиги менен ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелери ассоциациясы сабак берүүнүн бирдиктүү стандартын иштеп чыкты. Тарбия берүүнүн методикасы буга чейин жок болгондуктан балдарга ар кандай сабактар өтүлүп келген. 

Адистердин пикиринде бала кандай болуп чоңойбосун, анын аң сезимин өнүктүрүү үчүн өзгөчө көңүл буруу керек.Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды окутуунун бириктиктүү стандарты буга чейин болгон эмес. 

Ар бир мекеме колунан келишинче балдар менен иштешип келген. Эки жыл мурда эле мамлекеттик жана жеке менчик делген реабилитациялык борборлор бирдиктүү стандартка кирген. Анын жыйынтыгы менен балдарда өнүгүү байкалган. Бул жолку стандарт, жаңыртылган программа.
Социалдык өнүгүү министрлиги болсо билим берүүнүн жаңы стандартын колдойт. Бирок бул окуу методикасы ушуну менен эле токтоп калбайт, дагы жаңыртылышы мүмкүн. 


 Кыргызстанда күндүзгү реабилитациялык борборлордун саны элүүдөн ашат. Андай жайларда тарбияланган балдар менен иштешүү оор болгондуктан, жеткинчектерди бир гана ата-энелери карайт. Эгерде кабыл алынган жаңы стандартты тиешелүү жайлардын баары колдонсо балдардын өнүгүүсү өз нугуна түшөт дешет адистер. 




Новости по дате