http://ktrk.kg/Казакстан менен Беларусиянын премьер-министрлери Кыргызстанга келди

Казакстан менен Беларусиянын премьер-министрлери Кыргызстанга келди

8 Авг , 20:50 198

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин мааракелик жыйынына катышуу үчүн Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин жана Беларусь Республикасынын премьер-министри Сергей Румас Кыргызстанга иш сапары менен келди.

Меймандарды Тамчы айылындагы «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан  вице-премьер-министр Замирбек Аскаров тосуп алды. Аскар Мамин менен Сергей Румасты Президент Сооронбай Жээнбеков кабыл алат.

Белгилей кетсек, Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын катышуусундагы кезектеги жыйын  9-августта Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтөт.

 


 


Новости по дате