http://ktrk.kg/ИИМ Атамбаевдин үйүнөн табылган курал-жарактарды өткөрүп алды

ИИМ Атамбаевдин үйүнөн табылган курал-жарактарды өткөрүп алды

9 Авг , 15:55 428

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Укук коргоо кызматкерлери Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы үйүнөн көп сандаган курал-жарактарды өткөрүп алды. 

Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов 8-августта Атамбаев менен сүйлөшүүлөрдөн кийин эки тапанча, 13 желим ок атуучу автомат, 35 магазин жана бир көзгө атар мылтык огу менен санап алган. 

Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Атамбаевдин тарапташтары күч колдонуп, атайын бөлүмдөн желим ок аткан 26 куралды тартып алгандыгын билдирген.

Новости по дате