http://ktrk.kg/Ош шаарында "Арт-Ордо" эл аралык фестивалы өтөт

Ош шаарында "Арт-Ордо" эл аралык фестивалы өтөт

12 Авг , 14:46 341

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ош шаарында "Арт-Ордо" эл аралык VII театр фестивалы өтөт. Бул тууралуу Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара КРдин эл артисти Жамал Сейдакматованын 80 жылдык мааракесине карата уюштурулмакчы. 

Фестиваль 23-сентябрдан 28-сентябрга чейин уланат. Жамал Сейдакматова Кыргыз ССРинин Эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, "Туңгуч" театрын негиздеген. Сейдакматова атамекендик ондогон мыкты тасмаларда роль жараткан. Алардын ичинде "Акбаранын көз жашы", "Караш-Караш окуясы", "Ак илбирстин тукуму", "Кара кийикке жол" сыяктуу бир топ фильмдер бар. 

1957-жылдан тарта Кыргыз драма театрында эмгектенип, көрүүчүлөрдүн жүрөгүнөн орун алган жүздөгөн каармандардын образын жараткан.

Новости по дате