http://ktrk.kg/Ак-Шыйрак: кооптуу абалда турган көпүрө кулап түштү

Ак-Шыйрак: кооптуу абалда турган көпүрө кулап түштү

13 Авг , 16:39 116

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жети-Өгүз районуна караштуу Ак-Шыйрак айыл аймагында көпүрө кооптуу абалда турат деген билдирүү буга чейин "Элдик репортерго" келген. Мына эми кечээ жакында эле, дал ушул көпүрөдөн унаа өтүп бара жатканда, көпүрөнүн чирип калган жыгачтары сууга түшүп кетип, унаа аз жерден сууга агып кете жаздаган. Суу көп келип жатат. Негизи бул көпүрөгө каражат бөлүнгөн 15 миллион сом. Эмне үчүн жазашпай жатышат билбейбиз. Же ортодон жээп коюшканбы бөлүнгөн каражатты? Же дагы кырсык болсун деп күтүп жатышабы?- деп суроо салган автор. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.



Новости по дате