http://ktrk.kg/Ак-Жар: ичүүчү суубуздан таштандылар кошо агып келет

Ак-Жар: ичүүчү суубуздан таштандылар кошо агып келет

13 Авг , 16:33 197

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Нарын облусунун Ат-башы районунунун Ак-Жар айылында дренаждан жергиликтүү тургундар жана малдар суу ичишет. Видеодо көрүп тургандай, тегереги таштандыга толгон. Өйдө жактан агып келген таштандылар топтолуп калган. Ал эми бул таштанды аралаш сууну ылдый жакта жашаган эл пайдаланат. Бул сууну ичкенде кандай гана оорулар пайда болот. Жаңы дренаж салып берсе жакшы болот эле, суу тегерегин жээп кеткет. Ат-Башы айыл өкмөтүнө деле кайрылганбыз, эч бир чара көргөн жок, - дейт автор. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.



Новости по дате