http://ktrk.kg/Кыргыз - өзбек чек арасындагы өткөрмө бекеттер жанданат

Кыргыз - өзбек чек арасындагы өткөрмө бекеттер жанданат

14 Авг , 9:58 406

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргыз - өзбек чек арасындагы айрым өткөрмө бекеттер кайрадан жанданат. Бул тууралуу мамлекеттик бажы кызматынан кабарлашты. Эл аралык мамилени жакшыртып, өткөрмө бекеттерди оңдоо, мекеменин 2019-2020-жылдарга карата өнүгүү стратегиясында көрсөтүлгөн. Анда кошуна мамлекеттердин ортосунда соода-экономикалык карым-катыш жана товар ташуу күчөгөнүнө байланыштуу, кошумча жол керек болуп жатканы айтылат. 

Стратегияда товарларды өткөрүүнү ыкчамдатуу үчүн, ошондой эле бажы процесстерин санариптештирүү жана автоматташтыруу пландары сунушталган. Учурда кыргыз-өзбек чек арасындагы расмий 15 өткөрмө бекеттин сегизи иштеп жатат. 

Эскерте кетсек, буга чейин эки өлкөнүн чек ара бекеттеринин көбү 2005-жылдагы Кыргызстандагы саясий окуялардан улам жабылган. Акыркы жылдары расмий Бишкек менен Ташкенттин мамилелери жакындагандан баштап, бекеттер кайра ачыла баштаган.

Новости по дате