http://ktrk.kg/Кырчын жайлоосундагы даараткананын кейиштүү абалы

Кырчын жайлоосундагы даараткананын кейиштүү абалы

14 Авг , 12:29 144

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ысык-Көл облусунун Григорьев капчыгайындагы Кырчын жайлоосундагы даараткананын абал өтө кейиштүү. Туризмди өнүктүрөбүз эле дейбиз, туристтерди тартуу үчүн аларга бардык жактан шарттар каралыш керек эле. "Элдик репортерго" Кырчын жайлоосуна эс алып барган автор кейиштүү абалда турган даараткананы видеого тартып жөнөткөн.

Эмне үчүн дааратканаларга көңүл бурушпайт. Канчалаган туристтер келип, ушул кейиштүү абалдагы даараткананы көрүп нааразы болуп кетишет. Бул жайлоодо иштеп жаткандар, акчаны жакшы эле алышат экен, бирок эмне үчүн өзүлөрү үчүн деле даараткана салып алышса болбойбу? Жылына келип иштетишет. Анан кантип өнүгөбүз. Сырттан келген туристтерге уят эле болуп жатабыз, -деп ачууланган автор.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.



Новости по дате