http://ktrk.kg/Манас районунда помидор бышып, сатыкка чыгууда

Манас районунда помидор бышып, сатыкка чыгууда

14 Авг , 17:10 129

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Манас районунда помидор бышып, сатыкка чыгууда. Бул райондо дубандын башка аймактарынан айырмаланып 15-20 күн эрте ысыгандыктан, айдап-себүү иштери эрте башталат.

Алымкан Калдаралиева Чоң-Капка айылынын тургуну. 8 сотык бакчасынын бардыгына помидор айдаган. Жашылчасы учурда бышып сатыкка чыгарып жатат. Былтыр бул аянттан 50 миң сом киреше тапкан. Каарманыбыз бышкан помидорун жол жээгине коюп сатат же жумасына бир жолу 20 чакырым алыс турган Жамбылдын Тараз шаарындагы базарларга алып барат. Ал жактагы кардарлары үчүн атайын помидордун гүлгүн түсүн айдаган.

Күмүшбек Сатымкулов быйыл 50 сотык жерге помидор айдаган. Мээнет кылган аракети эми бышыкчылыкта киреше бере баштады. Манас районундагы айылдар коңшу Казакстанга жер жемиштерин сатыкка чыгара баштаганына 1 айга чамалап калды. Таластын башка аймактарында жашылча-жемиштер анча быша элек. Ошондуктан Манас районундагы айылдарда эрте бышкан жашылчаларды сатып алуучулар арбын.



Новости по дате