http://ktrk.kg/Бөкөнбаев: арчанын бутактары тротуарды жаап калган

Бөкөнбаев: арчанын бутактары тротуарды жаап калган

14 Авг , 17:35 137

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Тоң районунун Бөкөмбаев айылындагы борбордук көчөдөгү почтанын алдында өскөн арчалар тротуарды жаап калган. Ары-бери өткөндөргө жолто болуп жатат. Почтага келген пенсиядагы ата апалар араң эңкейип өтүшөт. Абайлап өтпөсө бутактары башка, көзгө тийип жатат. Ушул жерде иштеген жетекчиси, кызматкерлери өтүшөт бул жолдон, көрмөксөнгө салып. Тротуарды оңдоп, арчаларды бутап, иретке келтирип коюшса. Райондун борбору болгондуктан бул жерге көп адамдар келет, паспорт берүү мекемеси да дал ушул жерде жайгашкан,- дейт "Элдик репортерго" билдирүү жөнөткөн айыл тургуну. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате