http://ktrk.kg/Жаңы окуу жылына даярдык

Жаңы окуу жылына даярдык

14 Авг , 21:22 86

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

POST1RIGHT

Жаңы окуу жылына карата даярдыктар туурасында август айынын 23дө кеңешмеде белгилүү болот. Жыйынга өлкөнүн бардык облус, райондорунан  билим берүү мекемелеринин жетекчилери, методисттер жана каржы кызматкерлери келет.

Билим берүүнүн мазмуну, окуучуларга ойдогудай шарттарды түзүү жана  жаңы окуу жылына карата коюлган максаттарды ишке ашыруу багытындагы жыйын 23-августта болот.

Алдын-ала маалыматтарга караганда, быйыл 1-класска республика боюнча 156 миң окуучу  кирет. Ал эми Бишкек шаары боюнча мектеп босогосун электрондук каттоодон өткөн 16 миң бала аттайт. Билим берүү жана илим министринин айтымында, Базистик окуу пландын алкагында  жаңы окуу жылында чет тили, информатика сабактарына  басым жасалып, сааттар көбөйтүлөт.




Новости по дате