http://ktrk.kg/Ноокатта заманбап шарттагы ветеринардык имарат курулууда

Ноокатта заманбап шарттагы ветеринардык имарат курулууда

15 Авг , 18:21 131

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ноокат районунда заманбап  шарттагы  ветеринардык кызмат көрсөтүү бөлүмүнүн имараты курулуп, сентябрда пайдаланууга берилет. Ал бүткөрүлсө, жаңы төрт жумуш оруну түзүлөт. Ветсервисте мал уруктандыруу, кой кыркуу, мал дарылоо жана дары-дармектерди сатуу кызматтары көрсөтүлөт.

Курулушка жалпы 2 млн 700 миң сом сарпталган. Мунун 1,5 миллиону АРИС программасы аркылуу каржыланган. Анын 1 млн 200 миңи жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн. Ветсервис, райондогу 3 чоң айыл өкмөттүн: Мирмахмудов, Зулпуев, Кара-Таш айыл аймагынын малчыларына кызмат көрсөтөт. Мында, такай төрт адис иштейт. Мирмахмудов айыл аймагынын өзүндө эле, 6 миң 400 ири мүйүздүү мал, 15 миңден ашуун майда жандык каттоодо турат.

Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, факт Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси "Пара талап кылуу" боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндөрүш иштери башталды. Кармалгандар УКМКнын Тергөө абагына камалды.

Новости по дате