http://ktrk.kg/"Кулунду" өткөрмө бекеттиндеги көпүрө качан салынып бүтөт?

"Кулунду" өткөрмө бекеттиндеги көпүрө качан салынып бүтөт?

15 Авг , 18:16 271

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Баткен облусунун Лейлек районунун Интернационал айылындагы "Кулунду" эл аралык өткөрмө бекеттинде 3 жыл мурун бузулган көпүрөнүн иштери аягына чыкпастан токтоп турат. 2 жыл мурун бир фирма тендерден утуп алып, ушул жылдын 19-июлунда ишти баштаган. 10-15 күндө бүтрүрөбүз деп айтышкан. Бирок иш токтоп турат. Негизи бул көпүрө Кыргызстанга карайт. Таджикистан менен биргеликте куруп жатышкан. Алар өз жумуштарын бүтүрүшкөн. Биз тарап ишти аягына чыгарбай жатышат. Элдер айланып өтүп убара тартып жатышат, - деген жергиликтүү кеңештин депутаты Орозалиев Шайырбек "Элдик репортерго" билдирүү калтырган. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18. 



Новости по дате