http://ktrk.kg/Түркмөнстан менен кызматташуу аракети көрүлүүдө

Түркмөнстан менен кызматташуу аракети көрүлүүдө

16 Авг , 0:42 142

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Сентябрь айында Бишкекте кыргыз-түркмөн өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны өтөт. Анын алдында Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети баштаган кыргыз делегациясы Ашхабадда бир катар ишканаларды кыдырып, кызматташуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Тараптарды кайсыл тармактар кызыктырат? 

Ашхабаддагы текстиль фабрикасы. Пахта буласы иштетилип, даяр болгон түркүн түстөгү кездеме пайдаланууга чыгарылат. 3 миң адам тынбай иштеген текстиль фарбикасы Түркмөнстанда эң ири ишканалардан. Ишкананын ишмердүүлүгү, ал өндүргөн продукциянын сапаты, баасы менен Кыргызстандык делегация таанышты. Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары жетектеген делегациянын курамында мамлекеттик мекеменин өкүлдөрү жана тармак боюнча иш жүргүзгөн ишкерлер бар.

Түркмөнстанда жылына 3,5 млн. тонна пахта өндүрүлөт. Өлкөдө текстиль тармагы өнүгүү жолуна түшүп, эл аралык базарга чыгууга аракет кылып келет. Бирок Ашхабад үчүн Европа менен Евразия экономикалык аймагындагы бажы төлөмдөрү кымбат. Ал эми Бишкек болсо 90 пайыз сырьёну тыштан алат. Ишкерлер жана мамлекеттик өкүлдөрдөн куралган делегациянын бул биринчи сапары. Алгачкы сапардагы сүйлөшүүлөр ийгиликтүү болбогонун ишкерлер белгилешти. Түркмөнстанда курулуш тармагы да өнүккөн. Курулушта баалуу таштар колдонулат. Сапаты туура келсе Кыргызстан да сары ташты экспорттосо болот.

Кыргызстан менен Түркмөнстандын соода алакасы дээрлик жокко эсе. Экономикалык байланыштарды калыптандыруу, жолго салуу үчүн президенттин тапшырмасы менен кыргыз-түркмөн өкмөттөр аралык комиссия түзүлгөн. Анын алгачкы жыйыны сентябрь айында Бишкекте өтөт. 



Новости по дате