http://ktrk.kg/Лейлекте кызыл дан мол болду

Лейлекте кызыл дан мол болду

19 Авг , 18:07 145

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Лейлек районунда 18 миң гектардан ашуун жерге эгилген кылкандуу дан эгиндери жыйналууда. Аба ырайынын жаанчыл болгондугуна байланыштуу дыйкандар кайрак жерден да бул жылы мол түшүм алышууда.

Былтыркы жылы гектарынан 15 центнер буудай алынган болсо, быйыл 18 центнерге чейин түшүм жыйналды. Буга кылкандуу дан эгиндеринин жаңы сортторун эгүү да себеп болгон.

Район боюнча оруп-жыйноо иштерине  46 комбайн тартылып, техника жагынан тартыштык жок экенин район акими билдирди. Бүгүнкү күндө 70 пайыздан ашуун жер аянтындагы дан эгиндери жыйналып бүттү.


Новости по дате