http://ktrk.kg/Социалдык тармактарга  провакациялык  аудиолорду жайылткан жаран аныкталды

Социалдык тармактарга провакациялык аудиолорду жайылткан жаран аныкталды

21 Авг , 10:12 325

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

УКМКнын ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, жакынкы күндөрү  массалык башаламандык боло тургандыгы жөнүндө социалдык тармактарга билдирүү тараткан Ю.П. аттуу жаран аныкталды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Аталган жаран, ар кандай ушактарга ишенип, аудио кайрылуу жаздырып өзүнүн жакын туугандарына эскертүү иретинде жиберген билдирүүсү  социалдык тармактарга тарап кеткен.

Профилактикалык маектин жүрүшүндө ал өзүнүн жасаган иш-аракетине өкүнгөнүн билдирген. Ошондой эле өлкөбүздүн жарандарынан кечирим сурады. Тийиштүү кызматтын өкүлдөрү түшүндүрүү маегин жүргүзгөн.


Новости по дате