http://ktrk.kg/ Президент Сооронбай Жээнбеков Нарын облусуна барат

Президент Сооронбай Жээнбеков Нарын облусуна барат

21 Авг , 14:12 127

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн аймактарына иш сапарларын улантууда. 21-22-августта Мамлекет башчысы Нарын облусуна барат. 

Жумуш сапардын алкагында Президент калкты таза суу менен камсыз кылуу, ирригация тутумун калыбына келтирүү долбоорлорун ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышат. 

Региондун инфратүзүмдүк жана социалдык-экономикалык мааниси бар объектилерине барат. Ошондой эле, Президент алыскы Ак-Талаа районунун тургундары менен жолугушат.




Новости по дате