http://ktrk.kg/Бекназаров Ички иштер министрлигине күбө катары чакырылды

Бекназаров Ички иштер министрлигине күбө катары чакырылды

21 Авг , 15:14 166

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Азимбек Бекназаров Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына күбө катары чакырылды. Бул туурасында министрликтин маалымат кызматы билдирди. 

Ага ылайык, 7-8-августтагы окуялар боюнча сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө, ИИМдин Тергөө кызматы Азимбек Бекназаров 20-августта күбө катары көрсөтмө берүү үчүн чакырылды. 

Ал тергөөнүн сырларын жайылтпоо боюнча документке кол койду. Учурда Тергөө кызматы Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, тергөө иштерин улантууда.



Новости по дате