http://ktrk.kg/Кызарт: жарыксыз жашоо жанга батты

Кызарт: жарыксыз жашоо жанга батты

22 Авг , 15:09 226

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жумгал районунун Кызарт айылынын Жаманкул-Бейшеке көчөсүнүн тургундарын жарык маселеси кыйнап бүттү. Кышында жарык чырак болуп күйөт. Шамал болгондо жарыксыз калабыз. Бир күндө бир эле жолу өчсө мейли эле, жок 10 жолу өчүп күйөт. Улам өчүп күйгөндүктөн көп адамдардын сыналгылары, муздаткычтары күйүп кеткен. Электр түркүктөр орнотулган эмес. Карапайым эл кыйналды. Көчөбүз узун. Таза суубуз да жок. Бул айылдын башка көчөлөрүнөн суу түтүктөрү өткөн. Ушул көчөгө жетпей калган. Эртерээк ушул маселебизди жергиликтүү бийлик чечип берсе жакшы болот эле,- деген айыл тургун билдирүү жөнөткөн. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате