http://ktrk.kg/Баш-Кууганды айылынын дыйкандары эмнеге нааразы?

Баш-Кууганды айылынын дыйкандары эмнеге нааразы?

22 Авг , 18:54 167

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Нарын облусунун Жумгал районундагы Баш-Кууганды айылынын дыйкандары түйшүк тартууда. Айылдын суу сактагычына Кара-Кече карьеринин (Шарбон, Ак-Жол, дагы карьерлер бар) көмүрдүн калдыктары толуп калды. Айылда башка деле жумуш жок да, жер иштетип, эгин айдап оокат кылабыз. Бул видеодо көргөндөй, агып келген суу менен эгиндерибизди суугарабыз. 30 жылдай болуп калды ушундай суу менен суугарып жатканыбызга. Бул суудан жер кыртышы да бузулду. Эгин талаабыздын жылдан-жылга кыртышы бузулуп бара жатат. Эмне кыларыбызды да билбей калдык,- деген айыл тургуну "Элдик репортерго" видео жөнөткөн.

 Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате