http://ktrk.kg/Жеке менчик бала бакчалар социалдык буйрутмаларды аткарат

Жеке менчик бала бакчалар социалдык буйрутмаларды аткарат

26 Авг , 15:40 75

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жеке менчик бала бакчалар социалдык буйрутмаларды аткарат. Билим берүү жана илим министрлиги 12 арыздын ичинен социалдык тапшырыктарды аткара турган 9 бала бакчаны тандады. 

Бала бакчалар жалпысынан 300 орун берет. Учурда жарандардан көңүлүнө ылайык келген жеке менчик бала бакчага баласына социалдык талон алыш үчүн ата-энелерден арыздар кабыл алынууда. Программа Бишкек шаарында сыноо иретинде киргизилди. 

Сыноо мезгили аяктагандан кийин, ал ийгиликтүү иштесе, 2020-жылдан баштап программа башка шаарларда да ишке ашат.

Новости по дате