http://ktrk.kg/"Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи этабы ишке ашырылат

"Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи этабы ишке ашырылат

26 Авг , 17:43 189

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

"Коопсуз шаар - 2" долбоору ишке кирет. Мамлекеттик сатып алуулар боюнча порталдагы тендердин жыйынтыгы менен Коопсуз шаар долбоорунун экинчи этабын ишке ашыруу үчүн кытайлык “Shenzhen Sunwin” компаниясы 2 миллиард 654 миллион 558 миң 940 сом сунуштады. 

Буга чейин “Вега” компаниясы 4 миллиард 802 миллион 338 миң 446 сом, дагы бир орусиялык "БИС" компаниясы 5 миллиард 67 миллион 794 миң 340 сом сунуштаган. Тендердин эрежеси боюнча долбоорду жасоо үчүн эң төмөн баа сунуштаган ишкананын жеңип чыгууга мүмкүнчүлүгү жогору болот. 

Утуп чыккан компания Кыргызстандын 17 шаарында жана 73 калктуу конушунда жабдыктарды орнотуп, жол эрежесинин бузулушун каттайт. Беш жылдык долбоор 5 млрд 791 миллион сомго бааланган. Анда жалпы өлкө боюнча 314 көзөмөл камера-комплекси орнотулары көрсөтүлгөн. Долбоордун биринчи этабы быйыл февралда башталып, анда “Вега” компаниясы 35 миллион долларга 110 көзөмөл камера-комплексин орноткон.


Новости по дате