http://ktrk.kg/Бир катар аскер кызматкерлери мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланды

Бир катар аскер кызматкерлери мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланды

29 Авг , 12:34 353

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Президент Сооронбай Жээнбековдун Жарлыгы менен аскердик милдетин үлгүлүү аткаргандыгы үчүн жана өлкөнүн Көз карандысыздык күнүнө карата бир катар аскер кызматчылары мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланды.

Сыйлангандардын тизмеси:

Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын күжүрмөн даярдык башкармалыгынын башчысы Руслан Мукамбетов, Мамлекеттик чек ара кызматынын 2022-аскердик бөлүгүнүн "Капчыгай" чек ара заставасынын башчысы Азат Мусуралиев "Даңк" медалы менен сыйланды.

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен:

Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын 10128-аскердик бөлүгүнүн батальонунун командири Айбек Аристокиев.

Куралдуу Күчтөрүнүн Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн 75565-аскердик бөлүгүнүн радиолокациялык ротасынын командири Уларбек Белеков.

Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын кадрлар башкармалыгынын начальниги Жаныбек Касманбетов.

Куралдуу Күчтөрүнүн Кургактагы аскерлеринин 02626-аскердик бөлүгүнүн бронетанкалык кызматынын начальниги Рустам Садиков.

Мамлекеттик чек ара кызматынын 2022-аскердик бөлүгүнүн «Бөрү» атайын багыттагы отрядынын улук чалгынчысы Абылкасым Тайкара уулу КР Ардак грамотасы менен сыйланышты.

Новости по дате