http://ktrk.kg/Жарандарды жалган маалыматтардын таасиринен коргоо боюнча тегерек стол өттү

Жарандарды жалган маалыматтардын таасиринен коргоо боюнча тегерек стол өттү

29 Авг 2019 , 21:43 378

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Маалыматтарды электен өткөрүп, чын-төгүнүн бышыктоо керек. Маданият, маалымат жана туризм министри "фейк жаңылыктарга" каршы күрөшө турган чараларды иштеп чыгууну сунуштады. Массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, медиа-эсперттердин катышуусундагы жыйында жалган маалыматтар коомду бөлүп-жаруу үчүн социалдык тармактар аркылуу атайылап таратылаары белгиленди.Дүйнө интернеттешип, дээрлик эс тарткан ар бир адам социалдык тармактарды колдонуп жаткан шартта маалыматтар тез таркайт. Бул кандайдыр бир көйгөйгө, кейиштүү көрүнүшкө коомчулуктун көңүлүн бурдурууда мааниге ээ. Бирок жалган маалыматтар элдин тынчын алган учурлар жок эмес. Маселен, Кыргызстандагы кытай инвесторлорун өлкө аймагында куралчан кытайлар коргойт деген билдирүүлөр ватсап, фейсбук аркылуу желдей тарады. Өкмөт айтылгандарды төгүндөгөн. Медиа-эксперттер калк калпка көп ишенип жатканын белгилешет.

Фейк маалыматтарга каршы күрөшө турган атайын ыкмалар бар. Бирок, жалганды чындай ишендирүүнүн да жолдору кеңейип жатат. Маданият, маалымат жана туризм министри дүйнөгө түйшүк алып келген фейк маалыматтар Кыргызстанда да олуттуу көйгөй болуп жатканын кайталап келатат. Ага каршы күрөшүүнүн жолун табуу зарыл. Социалдык тармакты ээлеген фейк жаңылык коомчулукта өзгөчө бүйүр кызытса ал маалымат каражаттары аркылуу да чагылдырылат. Жыйында журналисттердин жоопкерчилиги тууралуу да сөз болду. Жалпыга маалымдоо каражаттарына карата даттанууларды караган комиссияга келип түшкөн арыздар көпчүлүк учурда жүйөөлүү экени аныкталууда.

Фейк маалыматтар коомго коркунуч жаратып жатканы буга чейин Бишкекте өткөн эл аралык медиа конференцияда да белгиленген. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги эми ага каршы атайын мыйзам даярдоону максат кылып жатат.


Новости по дате