http://ktrk.kg/Эгемендик күнүндө Баткенде 11 ымыркай жарык дүйнөгө келди

Эгемендик күнүндө Баткенде 11 ымыркай жарык дүйнөгө келди

3 Сент , 13:15 89

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстандын Көз карандысыздык күнүндө Баткенде 11 ымыркай жарык дүйнөгө келди. Бул туурасында Баткен облустук биргелешкен ооруканасынан билдиришти. Анда айтылгандай, төрөлгөн балдардын жетөө кыз, төртөө эркек.

Эң чоң салмактагы кыздын салмагы 4 кг 200 грамм жана эң кичине ымыркайдын салмагы 1 кг 200 граммды түзгөн. Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, жылына Кыргызстанда 157 миңдей бала жарык дүйнөгө келет.

Новости по дате