http://ktrk.kg/Бирдиктүү эсепке түшкөн каражатка мектептер курулууда

Бирдиктүү эсепке түшкөн каражатка мектептер курулууда

3 Сент , 22:22 54

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Коррупциялык иштерден өндүрүлгөн каражат үчүн ачылган бирдиктүү депозиттик эсеп дагы толукталды. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы бул жолу эсепке 39 миллион 735 миң 700 сом которду. Каражат мектептерди жана билим берүүгө зарыл кошумча имараттарды курууга жумшалып жатат. Маселен баштапкы баскычта Чүй облусундагы Орок жана Бишкектеги №12 - мектепте курулуш жумуштары башталды.

Бишкек шаарынын калканын саны жыл сайын өсүп жатканына байланыштуу билим берүү мекемесине болгон зарылдык бар. Маселен Жал кичи районундагы №72 мектеп-гимназиясы кошумча корпуска муктаж болуп турат. Себеби мектеп 1266 балага ылайыкталып салынган. Былтыркы жылдын билим берүү маалында мында 2115 окуучу билим алган.

Азырынча быйылкы окуу жылында билим ала турган окуучулардын саны такталууда. Себеби 10-сентябрга чейин класстар толукталат. Мектеп мугалимдери окуучулардын саны үч миңге чейин чамалайт деп турушат. Ага мектептин алды минтип окуучуларга толуп турганы далил. Абдыкерим Сыдыков атындагы №72 мектеп-гимназиясы соңку беш жылдан бери кошумча имаратка муктаж. Мындан улам коррупциялык иштерден өндүрүлгөн каражатка мектептин күн чыгыш тарабына 225 орундуу 9 класстык жана башка бөлмөлөрү менен жаңы корпус куруу пландалып жатат. Бул жаңылык мугалимдерди кубандырууда. Себеби окуучулардын көптүгүнөн сабактар 3 нөөмөттө өтүлөт. Билим берүү мекемесинде баардыгы болуп 85 класс бар. Быйыл биринчи класстан эле он класс. Ар бир класста 39 окуучудан отурат. Эгер кошумча корпус курулса башталгыч класстар жаңы имаратка көчүрүлмөк - дейт мугалимдер.

Ал эми борбордогу №12 мектеп-гимназиясына болсо 385 орунга ылайыкталган кошумча үч кабаттуу имараттын курулушу башталды. Бул имарат да Бирдиктүү депозиттик эсептен каралган каражаттын эсебинен курулууда. Муну менен мектептин кошумча имаратка болгон муктаждыгы чечилип, билим берүү уясы кыйла кеңейт. Курулушу 2020-жылы бүтө турган мектептин жаңы кошумча имаратынын пайдубалына Президент Сооронбай Жээнбеков капсула салган.

Коррупцияга каршы күрөш боюнча Бирдиктүү эсептеги каражаттан Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айылындагы орто мектепке да кошумча имарат салына баштады. Ороктогу мектептин кошумча корпусунун да пайдубалын түптөө иш-чарасына катышкан Өлкө башчысы кийин Бирдиктүү депозиттик эсептеги каражат бала бакчаларды курууга жумшала турганын белгиледи. Орок айылында да сабактар 3 нөөмөттө өтүлөт. Эки кабаттуу кошумча имарат 500 окуучуга ылайыкталган.

Жакында бирдиктүү депозиттик эсептеги каражаттын эсебинен Аламүдүн районуна караган Төмөнкү Ала-Арча орто мектебинде 375 орундуу кошумча корпустун курулушу башталганы турат. Антпесе бул билим берүү мекемесинде да класстар тартыш. 960 окуучуга ылайыкталган мектепте 2470 окуучу билим алууда. Бир класста 40 окуучудан отурушат.
Билим берүү жана илим министрлиги 2019-жылга өлкө боюнча кошумча имараттын курулуш иштерине муктаж болгон 15 мектептин тизмесин түзгөн. Алардын ичинен жетөө Бишкек шаарында, жетөө Чүй облусунда жана бирөө Ош шаарында. Коррупциялык иштерден өндүрүлгөн каражаттар түшө турган бирдиктүү эсеп 2018-жылы июнда ачылган. Быйылкы жылдын 26-августуна чейин Бирдиктүү депозиттик эсепке түшкөн каражаттын жалпы суммасы - 1 млрд. 563 млн. 429 миң 605 сом 52 тыйын. Анын ичинен 799 млн. 320 миң сом Чүй облусундагы жана Бишкек, Ош шаарларындагы мектептерге кошумча корпустарды курууга жумшалууда.

Коррупциялык иштерден өндүрүлгөн каражаттарды топтой турган бирдиктүү депозиттик эсеп кезектеги дагы толукталды. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы 3-сентябрда эсепке 39 миллион 735 миң 700 сомдон ашыгыраак каражат которгонун маалымдады.


Новости по дате