http://ktrk.kg/Ат-Башынын Ак-Муз айылына жаңы футбол аянтчасы курулду

Ат-Башынын Ак-Муз айылына жаңы футбол аянтчасы курулду

4 Сент , 22:15 106

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ааламга жол айылдан башталат! Аймактарды өнүктүрүү жылы Ат-Башы районунун Ак-Муз айылы үчүн да ийгиликтер менен коштолууда. Тоо койнундагы айылда жыл башынан бери аткарылып жаткан иштердин катарын жаңы футбол аянтчасы толуктады.

Бийик тоолуу, катаал шартта жайгашкан айылда буга чейин футбол ойноо үчүн шарт жок болчу. Аянтча куруу демилгеси аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын алкагында өткөн Ак-Муз айылынан чыккан ишкерлердин, мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусундагы форумда көтөрүлгөн. Айыл жаштарынын бирден-бир муктаждыгы катарында каралган сунушун Мелис Турганбаев жана ишкер Куттубай Мырзабеков колдоого алып, туулуп өскөн айылына футбол аянтын белек кылды.

Кыргызстандагы спорттун, анын ичинде футбол жаатындагы жылыштар кыйла ийгиликтүү болуп жатканын эске алсак, анда Ат-Башы жергесинде да акырындап көтөрүлө баштаган спорттун бул түрүн жайылтууда мындай аянттар өзгөчө белек. Улуу муундагы кишилер футбол аянтчасынын ачылышын чоң жардам катары баалашты. Алыскы аймакта ачылып жаткан спорттук жай эл аралык талапка жооп берет. Анын курулушуна 3 млн. сомго жакын каражат жумшалган.

Элет элин мындай жаңылык кубандырып отурат. Айылдын ынтымактуу жаштары муун-муун болуп ич ара футбол боюнча мелдештерди шаарга чейин барып өткөрүп келген. Эми өз үйүң, өлөң төшөгүң демекчи, киндик каны тамган жеринде каалашынча беттеш уюштурууга шарт түзүлдү.

Футбол аянтынын ачылыш аземинде футболчулар кийчү кийимдер, топ жана башка белектер тапшырылды. Эми Ак-Муз айылынын жаштары бош убактыларын туура пайдаланып, спорт менен машыгып, дене мүчөсүн чыңдашат.


Новости по дате