http://ktrk.kg/Ак-Өргө конушунун тургундары "Газпром" ишканасына эмнеге нааразы?

Ак-Өргө конушунун тургундары "Газпром" ишканасына эмнеге нааразы?

5 Сент , 11:27 68

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ак-Өргө конушунун Ак-Ордо көчөсүнүндө "Газпром" тарабынан газ түтүкчөлөрү тартылууда. Бирок бул көчөнүн тургундары "Газпром" ишканасынын ишинде калысчылык болбой жатат деп нааразы болуп, "Элдик репортерго" билдирүү жөнөтүшкөн. 

Газпром көчөнүн бир тарабына газ түтүкчөлөрүн бекер тартырып берди, ал эми бир тарабына 10 үйгө бирден түтүк таштап койду. Бекер тартылып бергендерге өздөрүнүн үйүнө тартылган түтүктөргө гана акча төлөй турган болуп жатат. Ал эми бир тарабы ар бир үйгө, ар бир метрине 550 сомдон төлөй турмай болду. Суранарыбыз "Газпром" ишканасы көчөнүн эки тарабына тең газдын түтүктөрүн бирдей тартырып берсе. Ушул түтүктөргө кетте турган каражатты экиге бөлүп койсо. Калысчылык болбой жатат. Бир тарабы бекер, бир тарабын өз күчүнөр менен тартып алгыла деп жатат. Тийиштүү органдар ушул маселени териштирип беришинерди суранабыз,- дейт билдирүүсүндө.  

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18. 


Новости по дате