http://ktrk.kg/ИИМ: ири баңгизат менен алектенген кылмыштуу топ кармалды

ИИМ: ири баңгизат менен алектенген кылмыштуу топ кармалды

6 Сент , 10:16 76

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ири баңгизатты даярдоо жана сатуу менен алектенишкен кылмыштуу топ кармалды. Ички иштер министрлиги билдиргендей, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы жасаган операцияда өсүмдүк түспөлүндөгү ири баңгизатты даярдоо жана сатуу менен алектенишкен Талас облусунун тургундарынан түзүлгөн кылмыштуу топтун ишмердигине бөгөт коюлду.

Ыкчам-иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери тинтүү иш-чарасын жүргүзүүнүн натыйжасында шектүүлөрдүн биринин үйүнөн 49 килограмм 600 грамм салмактагы көкнаар алынды. Андан кийинки жүргүзүлгөн иш-чаранын жүрүшүндө талаада Индия марихуанасын өстүрүп жүрүшкөндүгү аныкталган. Жалпысынан ал жактан 2 тонна 5 килограмм кара куурай алынды.

Азыркы учурда аталган кылмыш ишине тиешеси бар башка адамдарды тактоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.


Новости по дате