http://ktrk.kg/Бишкекте унаа уурдоого шектүүлөр кармалды

Бишкекте унаа уурдоого шектүүлөр кармалды

9 Сент , 9:41 69

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкек шаардык милициясы автоунааларды уурдоого шектүүлөрдү кармады. Мекеменин маалымат кызматы билдиргендей, 24-августта Октябрь райондук милициясына шаар тургуну белгисиз адамдар 23үнөн 24үнө караган түнүн "Хонда Фит" үлгүсүндөгү унаасын 12-кичи райондогу үйүнүн короосуна токтотуп койгон жеринен айдап кетишкени тууралуу арыз жазган. Унаанын баасы 3 миң 500 АКШ доллары түзөт. Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүштү баштаган.

Мындан сырткары, 30-августта Свердлов райондук милициясына дагы бир тургун 30-августтун түнүндө Жаш Гвардия көчөсүнөн унаасын белгисиз адамдар айдап качышканы тууралуу арыз жазган. 2-4-сентябрда да шаар тургундарынан белгисиз адамдар унааларын айдап кеткени тууралуу арыз жазышкан. Издөө иштеринин натыйдасында 1989-жылы, 1991-жылы туулган эки жаран жогорудагы төрт авто унааны уурдоого шектелип кармалып, Бишкек шаардык убактылуу кармоочу жайында камалды.


Новости по дате