http://ktrk.kg/Ысык-Көл: жол кырсыктан үч адам жабыркады

Ысык-Көл: жол кырсыктан үч адам жабыркады

9 Сент , 16:19 131

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ысык-Көл облусунда жол кырсык катталып, 3 адам жабыркады. Жол кырсык 8-сентябрда саат 17:00 чамасында Балыкчы—Ананьев—Каракол унаа жолунун 68-чакырымында, тактап айтканда Сары-Ой айылында катталган. Бишкек шаарынын 1983-жылы туулган тургуну М.К. «Хендай Гетц» үлгүсүндөгү унаасын батышты карай башкарып бара жатып, «Мерседес-Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү унаасын капталынан сүзгөн. Кичи автобусту Балыкчы шаарынын 1986-жылы туулган тургуну К.А. башкарып бара жаткан.

Жол кырсыктын кесепетинен «Хендай Гетц» унаасынын жүргүнчүсү — Балыкчы шаарынын 1987-жылы туулган тургуну К.Э., кичи автобустун айдоочусу К.А. жана жүргүнчүсү — Ош облусунун 1981-жылы туулган тургуну К.Ш. Чолпон- Ата шаардык ооруканасынын хирургия бөлүмүнө жеткирилген.

Алдын ала маалымат боюнча «Мерседес-Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу товар ташып иштечү. Кырсык болгон күнү Чолпон-Ата шаарынан жарманкеден чыгып, Балыкчы шаарына кетип бара жаткан.

Новости по дате