http://ktrk.kg/Ачык коом коррупцияны жоюуга өбөлгө болот

Ачык коом коррупцияны жоюуга өбөлгө болот

10 Сент , 22:18 79

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Калктуу конуштарды ыңгайлуу жана жеткиликтүү тейлөө – мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн тартибин жана жарандардын жашоосун жеңилдетип, коррупцияны жоюуга өбөлгө болот. Бир жарым ай мурда ишке кирген Оштогу калкты тейлөө борборунун экинчи кеңсеси бул аралыкта 6 миңден ашуун жаранга кызмат көрсөттү. 

Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында, июлдун 19унан тартып, Оштогу калкты тейлөө борборунун экинчи кеңсеси иштеп баштады. Борбордогу шарттар менен өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков, жеринен таанышкан. Мамлекет башчысы жаңы кеңсенин ачылышы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү бир кыйла жеңилдетип, жергиликтүү тургундар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө мүмкүнчүлүк берерин канааттануу менен белгилеген.


Новости по дате