http://ktrk.kg/Тогуз-Торо–Жалал-Абад унаа жолу убактылуу жабылды

Тогуз-Торо–Жалал-Абад унаа жолу убактылуу жабылды

11 Сент 2019 , 11:03 702

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

10-сентябрда Тогуз-Торо–Жалал-Абад унаа жолу убактылуу жабылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Тогуз-Торо районунда аба ырайы кескин өзгөрүп, кар күрткүлөрү пайда болду. 

Адамдардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө максатында Тогуз-Торо районунун акиминин 10-сентябрындагы оозеки буйругунун негизинде Тогуз-Торо–Жалал-Абад унаа жолу убактылуу жабылды.

Новости по дате