http://ktrk.kg/Өлкөдө IT адистеринин атайын форуму өтөт

Өлкөдө IT адистеринин атайын форуму өтөт

11 Сент , 20:58 118

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жыйырма тогуз миң жаран унаа салыгын электрондук негизде төлөдү. Бул жыйырма күндүн ичинде жетишилген натыйжа. Өлкөнү санариптештирүү аркылуу бардык кызмат көрсөтүүлөр аралыктан аткарылып, калкты тейлөө жеткиликтүү болушу шарт. Санариптик баалуулуктарды ишке ашырууда IT адистеринин билими, тажрыйбасы керектелет. 24-сентябрда бул тармактын адистеринин атайын форуму өтөт.

Өлкөнү санариптештирүүдөгү программалык иштерди Маалымат технологиялары жана байланыш боюнча мамлекеттик комитет аткарууда. Анын төрагасы Дастан Догоев “Санарип Кыргызстан” концепциясында каралган долбоорлорду ишке ашырууну мекеменин алдындагы эң негизги милдет деп эсептейт. Ал Кыргызстанда IT тармагынын алдыңкы кадрлары калыптанып келатканын, бирок аны менен токтобой, дүйнөлүк тажрыйбага ээ адистерди даярдоо зарыл экенин айтат.

IT адистеринин билим, тажрыйбасы тууралуу бекеринен сөз болуп жаткан жок. Технологиялар улам жаңыланып жаткан шартта алардан артта калбай, тынымсыз өздөштүрүү талап кылынат. 24-сентябрга белгиленген “КИТ-2019” аталышындагы форумда электрондук соода, IT адистерин даярдоо өңдүү бир катар маселелер талкууланат. Ал тургай анда тандап алынган эң негизги беш долбоорго Евразия экономикалык биримдиги колдоо көрсөтөт.

Былтыр жыл соңунда Коопсуздук Кеңешинин жыйынында кабыл алынган чечимге ылайык тиешелүү органдарга өлкөнү санариптештирүү багытында бир катар тапшырмалар берилген. Алардын айрымдары аткарылды. Маселен, мамлекеттик мекемелер калкты тейлөөнүн бирдиктүү тутумуна кошулуп, кызмат көрсөтүүлөрдүн көптөгөн түрлөрүн электрондук негизде жүргүзүүгө жол ачылды. Санарипке негизделген жаңылануулар ар ай сайын байкалууда.

Кыргызстан коррупцияга каршы күрөштү катаал чаралар менен гана чектебей, санариптик баалуулуктардын жардамы менен жүргүзүүнү да максат кылган. Себеби калкты тейлөөдө адам фактору азайтылып, ал аралыктан электрондук ыкмада жүргүзүүгө негизделген. Атайын кабыл алынган концепциядагы иш-чаралар 2023-жылга чейин жүзөгө ашырылышы керек.


Новости по дате