http://ktrk.kg/“Кыргызтелеком” жыл ичинде 1564 объектти интернетке туташтырды

“Кыргызтелеком” жыл ичинде 1564 объектти интернетке туташтырды

11 Сент , 21:18 55

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

“Кыргызтелеком” ишканасы жыл ичинде 1564 объектти интернетке туташтырды. Өлкөнү санариптештирүүнүн алкагында мектеп, медициналык жайлар жана айыл өкмөттөрүнүн кеңселерин интернет менен камсыз кылуу каралган. Жалпы өлкө боюнча үч жарым миң чакырымдан ашык була-оптикалык чубалгылары тартылган.

Асыл Арпачиева 17 жылдан бери дарыгерлик кесипти аркалайт. Ал эмгектенген Нарын шаарындагы медициналык мекеме быйыл май айында интернет менен камсыз кылынган.

“Кыргызтелеком” ишканасы медициналык жайларга, мектеп жана башка объекттерди интернет менен камсыз кылууну улантууда. Жалпысынан сегиз миң чакырымга жете турган була-оптикалык чубалгыларын тартуу каралган. Анын 45 пайызы аткарылды. Жыл башынан бери өлкө боюнча жалпы 3673 чакырым була-оптикалык кабель тартылды. Ага 660 мектеп жана 643 медициналык жай туташкан. Ошондой эле 292 айыл өкмөтүнө интернет желеси жеткирилген.
Мындан сырткары, 402 почта бөлүмдөрүн да интернетке туташтыруу максат кылынган. Бул калкка кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн маанилүү.
Мындан сырткары, кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестринин талаптагыдай иштеши үчүн Башкы прокуратура баштаган бир катар укук коргоо органдарынын аймактык бөлүмдөрүнө да интернет жеткирилип жатат.
Бардык мамлекеттик органдар, алардын жер-жерлердеги бөлүмдөрү да интернет менен камсыз болушу керек. Учурда Бажы кызматы менен Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук мамлекеттик инспекциясы үчүн инфратүзүм жакшыртылууда.


Новости по дате