http://ktrk.kg/«Ала-Тоо 24» телеканалынын түзүлгөндүгүнө 3 жыл толду

«Ала-Тоо 24» телеканалынын түзүлгөндүгүнө 3 жыл толду

12 Сент , 23:07 103

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бүгүн КТРК тутумундагы «Ала-Тоо 24» телеканалынын түзүлгөндүгүнө 3 жыл толду. Бул 3 жыл аралыгында маалыматтык телеканалдын калыптануусу, өсүп-өнүгүүсү үчүн чоң иштер аткарылды.  

Өлкөдө жана дүйнө жүзүндө болуп жаткан жаңылыктарды онлайн режиминде «Ала-Тоо 24» каналы аркылуу күнү-түнү 24 саат бою көрө аласыздар. Каналдын корреспонденттери кызыктуу адамдар тууралуу берүүлөрдү, жеринен кызыктуу репортаждарды даярдап, күндүн маанилүү маселелерин талкуулашат.  

«Ала-Тоо 24» телеканалындагы дагы бир өзгөрүү жаңы сезондо жаңы форматка өттү. 31-август Эгемендүүлүк күнү "Ала-Тоо 24" каналы жаңыртылган студия жана жаңы видеодизайн менен дээрлик түз эфирде иштөөдө. Студиянын техникалык чоң мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу менен жаңылыктар, берүүлөр жаңыча иштөөгө өттү. Каналдын программасы дүйнөлүк стандартка ылайык, көрөөрмандардын күн-тартибине, тиешелүү талаптарга жараша өзгөртүлдү. 

Новости по дате