http://ktrk.kg/Караколдогу катуу шамалдан ишкер 20 млн. сомго чыгым болду

Караколдогу катуу шамалдан ишкер 20 млн. сомго чыгым болду

12 Сент , 13:03 157

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

10-сентябрда Каракол шаарында катуу шамал болуп, бир нече турак жайды кыйратып кеткен. Катуу шамалдан улам Каракол шаарынын тургуну Туратбек Абдыкадыровдун 50 сотых жердеги күнөсканасы кыйрап калды. Бул тууралуу "Элдик репортерго" ишкер Туратбек Абдыкадыров өзү билдирди.

Анын айтымында, Күнөскананын жалпы ээлеген аянты 50 сотых. 11 жыл мурун салынган. Болжол менен келтирилген зыяндын өлчөмү 20 млн. сом 2009-жылы кредит алып, бул күнөскананы 50 сотых жерге кургам. Бир заматтын ичинде эмне болуп кеткенин түшүнбөй калдык. Күндөгүдөй эле балам менен күнөсканага келип, от жагып кетип бара жатканбыз. Бир убакта эле мөндүр кар аралаш жаап баштады. Саат ошондо 20.30 болуп калган. Жарык өчүп калды. Боорон келип эле күнөскананын чатырын учуруп, күнөскана жарым метрдей көтөрүлүп, кайра жерге түштү. Кудай сактады, аман калдык. Өкүнүчтүүсү 11 жыл мээнет менен салган күнөсканабыз мындай абалга келип калды. Эмнеден баштарымды билбей жатам. Алган кредиттимдин 30% калган. Азыр колдоо күтүп жатам. Кайрымдуу адамдар табылып, жардам береби деген үмүттөбүз.

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.





Новости по дате