http://ktrk.kg/Өлкөнүн энергетика тутумунда күз-кыш мезгилине карата даярдыктар аяктоо алдында

Өлкөнүн энергетика тутумунда күз-кыш мезгилине карата даярдыктар аяктоо алдында

12 Сент , 22:19 60

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ушул күндө электр энергия өндүрчү ГЭСтерде 4 гидрогенератор капиталдык ремонттон өтүп, андан тышкары көмөк чордон, электр чубалгы, трансформаторлорду оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн. Бишкек ЖЭБинде дагы кыш камылгасы күчүндө. Жабдууларды даярдоо, көмүр, мазут тартып келүү аракеттери кызуу жүрүүдө. 



Бишкек шаарынын жогорку катмарынын көпчүлүк бөлүгүн электр энергия менен камсыздоочу “Парковый” көмөк чордонунда жаңылоо иштери ортолоп калды. Бир аптага жетпей көмөк чордондун кубаттуулугу көбөйөт.

Адистер жыл сайын талдоо жүргүзүп, керектөөчүлөрдүн муктаждыгына жараша оңдоп-түзөө иштерин жасайт. Антпесе, кыш күчүнө киргенде маселе жаралышы ыктымал.


Энергетиктер жаздан тарта келерки кыштын камын көрөт. “Кыргыз электр тармактары” ишканасы быйыл 98 көмөк чордондо жана узундугу 145 чакырымдан ашык аба чубалгыларын капиталдык оңдоодон өткөргөн. Андан тышкары 172 көмөк чордондо жана 92 трансформатор кезектеги оңдоодон өткөн. Эми кышка даярдыкты атайын түзүлгөн комиссия текшерет.




Новости по дате