http://ktrk.kg/Төрт өмүрдү алган кырсыктын алдын ала жыйынтыгы

Төрт өмүрдү алган кырсыктын алдын ала жыйынтыгы

13 Сент , 13:29 208

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

 Бишкек шаарындагы Айтматов проспектисинде төрт адамдын өмүрүн алган жол кырсыгын иликтөөнүн алдын ала жыйынтыгы айтылды. Жол коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргөн иликтөөдө,  9-сентябрда  болжол менен 14:30дар чамасында “Шкода Октавия” үлгүсүндөгү  автомашина  үйлөнүү үлпөт тойдогу кортеждин катарында бара жатып, андан калып калган. Андан кийин  Айтматов көчөсүнөн каршы тилкеге чыгып, жүргүнчү ташыган автобус менен кагышкан.

Учурда шаардык милициянын Тергөө кызматы  тиешелүү иш-чараларды  жүргүзүп, кырсыктын чоо-жайы аныкталууда. 

 

Новости по дате