http://ktrk.kg/Патрулдук милиция октябрда иштеп баштайт

Патрулдук милиция октябрда иштеп баштайт

16 Сент , 9:43 68

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Патрулдук милиция 1-октябрдан тарта иштеп баштайт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. 

Сынактан тандалып алынган Патрулдук милиция кызматкерлери 3 айдан бери ИИМ академиясынын базасында окуп жаткан. Сентябрдын аягында окуу аяктайт. 

«Патрулдук милициянын штаты 871 кишиден турат. Сынактын жыйынтыгы боюнча 356 кызматкер тандалып алынган. Айлык жана башка чыгымдарга деп мамлекеттик бюджеттен 197 миллион сом бөлүнгөн», -деп айтылат маалыматта.

Новости по дате