http://ktrk.kg/Таштар-Ата дачасында таза сууга ашыкча акча чогултулууда

Таштар-Ата дачасында таза сууга ашыкча акча чогултулууда

16 Сент , 12:13 79

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Көк-Жар айылына караштуу Таштар-Ата дачасында 2 жыл мурун таза суу киргизилген. Дача аймагын жетектеген Сайфудинов ортодон фирма ача калып, ар бир үйдөн 56 миң сомдон акча чогултуп алган. Андан тышкары шаардын ичинде сууну колдонуу 15 сом болсо, бизде 30 сомдон алат. 30 сомдон тышкары дагы ай сайын 150 сомдон түтүктөрдү оңдогонго деп да алышат. Бул мыйзам ченемдүү элеби? Жергиликтүү бийлик ушул маселени териштирип беришин өтүнөбүз. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18. 


Новости по дате