http://ktrk.kg/Балбан Атабек Азисбеков Олимпиада оюндарына жолдомо алды

Балбан Атабек Азисбеков Олимпиада оюндарына жолдомо алды

16 Сент 2019 , 17:14 203

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстандык балбан Атабек Азисбеков грек-рим күрөшү боюнча 2020-жылы Жапонияда өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо алды. Ушул күндөрдө Казакстандын Нурсултан шаарында дүйнө биринчилиги өтүүдө. Ал коло байге үчүн болгон көңүл жубатуучу беттешинде кытайлык Жуинже Наны 6:1 эсебинде жеңип алды. 

Азисбеков буга чейин 87 килограммга чейинки салмакта күрөшүп, алгачкы беттешинде латвиялык Лаймутис Адамайтисти 4:0 эсебинде утуп, бирок кийинки мелдеште Виктор Лоринчеге жеңилди. Жыйынтыгында ал мыкты беш спортчунун катарына кирип, Олимпиада оюндарына лицензия алган.

Новости по дате